7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Маманазаров: «Заматта жанымдагы куралдаштарды жоготуп, алардын сөөгүн алып чыккан күндөр болду»

643

Айбек Маманазаров ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен районундагы №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн башчысы, капитан. Ал куткаруучунун жумушчу күнү, түйшүгү жана сыймыгы тууралуу маек курду.

Ата жолун улантып, Казакстандын Ички иштер министрлигинин атайын аскердик жогорку окуу жайын аяктаган. Жаш экендигине карабастан ар кандай өзгөчө кырдаалда такшалып, алган билимин практикада пайдалана билген, уюштуруучулук жөндөмү жогору кадр. Спортто да жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, футболдо жакшы ойнойт. Чыгармачыл инсан. Учурда чек ара аймагында жайгашкан бөлүктө кызматтык милдетин аткарып, карамагында турган өздүк курам менен биргеликте элдин коопсуздугу үчүн бар күчүн, дараметин жумшап келет. Жасаган эмгеги үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3-даражадагы Эрдик медалы менен сыйланган.

№31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгү Баткен районунун Самаркандек айылында жайгашкан. 4 айыл Тажикстан менен чектешет. Мындан улам куткаруучулар үчүн күжүрмөн даярдык жана жоопкерчилик өзгөчө маанилүү. Күн сайын эрте мененки нөөмөт алмашуу учурунда бөлүктүн башчысы өздүк курамды кабыл алып, атайын график менен бекитилген күн тартибин карап чыгат.

-Куткаруучу кесибин аркалоо жеңил болбосо керек?
-Куткаруучулук-гумандуу кесип. Ал жардамга муктаж адамдын ажатын ачып, балким алоолонгон оттон, агымы катуу суудан, же өмүр менен өлүм арбашкан октун арасынан алып чыгышы мүмкүн. Биздин ар бир куткаруучу мындай окуяларга туш болот. Себеби, биздин жумуш ушундай. Жардамга муктаж жаранды куткаруу менен гана тим болбостон, биринчи жардам көрсөтүп, кээде психолог, же дарыгер болууга да туура келет. Демек, куткаруучу-бардык кесиптерди бир адистикке сыйдыра алган эң улуу, сыймыктуу, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү кесиптин ээси. Бул кесипти тандаган ар бир кызматкер жумуштун түйшүгүн, жоопкерчилигин көтөрө билген үчүн бул тармакта эмгектенет деп ойлойм.

-А сиз бул кесипти кандайча тандап калдыңыз эле?

-Мен бул тармакка атамдын кесиби аркылуу келип калдым. Себеби атам Абдималик Мийзамидинов да куткаруучу болуп эмгектенчү. Мектептен тарап келатканбыз. Эл көп. Өрттөнүп жаткан үй. Аңгыча атам үйдүн ичинде калып кеткен үй ээсин алып чыкты. Эсимде. Анын денесинин дээрлик 50 пайызы күйүк алган. Бир канча күндөн кийин атам ошол өзү куткарган киши сакайып чыккандыгын чай үстүндө айтып, кубанды. Себеби ал киши атайын бөлүккө барып, өз ыраазычылыгын айткан экен. Дал ошондон баштап куткаруучу болуу кыялы менен жашап калдым. Ошентип, мектепти аяктаган соң Казакстандан аскердик жогорку билимге ээ болуп кайттым.

-Атаңыз сыяктуу өзүңүз куткарган жаранды куткарып, кубанган алгачкы учурду эстей аласызбы?
-Сөзсүз. Ошол учурда жумушту жаңыдан баштаган кезим болчу. Сокулукта иштечүмүн. Бал жыйнаган унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түштү. Унаа бекилип калып, ичинде орус улутундагы жаран чыга албай газга ууланып калган экен. Бактыга жараша куткарууга жетишип, биринчи жардамды көрсөткөн соң тез жардам кызматына өткөрүп бердик. Өрттү өчүрдүк. Кийин ошол жаран кудум атамдын окуясындагыдай болуп жумушубузга издеп келип, ыраазычылык иретинде дасторкон жайып чай берген. Ошол убакыттан тарта экөөбүз байланышып, жакын болуп кеттик. Азыр да жолугушуп, көрүшүп турабыз.

-А бирок турмушта жалаң эле ушундай сүйүнгөн күндөр боло бербейт да?
-Ооба, кээде жумушубуздан кубанып кайтсак, кээде өкүнүп кайткан учурлар болот. Сууга аккан же автокырсыктан жабыркаган жарандар аман калса, өз бир тууганыңды куткарып калгандай сүйүнөсүң. А кээде, тескерисинче болот. Жакынын күткөн туугандарына сөөктү алып чыгуу да өтө оор. Биздин облус чек арада жайгашкандыктан, куралдуу кагылышууларда көп жоготууларга дуушар болуп жатпайбызбы? Кечээки эле акыркы окуяда аскер кызматкерлери чогуу болуп, ызылдаган октун арасында жаңы эле таанышканбыз. Он мүнөт өтпөй, ошол куралдаштардын сөөгүн алып чыктым. Бул мүнөттөрдү көкүрөктө көтөрүү-өтө оор. Азап. Бир мекен үчүн жан берип, жаныбыз эл үчүн арналгандыгы-баатырдык. Бирок өмүр, кызматтык милдет ушундай экен.

-Мындай баатырдык сиздин колуңузда эмгектенген өздүк курамга да таандык болсо керек?

-Албетте. Биздин балдардын ар бир жумушчу күнүн, а түгүл ар бир саат, мүнөтүн жашап, иштеп көргөн киши баалайт. Негизи, биздин бөлүк 2 айыл өкмөтү, тактап айтканда 7 айылды тейлөөгө алат. Анын ичинде эң алыс жайгашкан Рават айылы 37 чакырым алыстыкта турат. Жыл бою эл менен тыгыз иш алып барып, өрт коопсуздугунун алдын алуу, болтурбоо боюнча калк арасында атайын профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Сырттагы кишиге байкалбашы мүмкүн. А бирок биздин кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткаруу менен гана чектелбейт. Алар кандай өзгөчө кырдаал болбосун алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин да жүргүзүшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644