7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын жерин кайтарса, “Эр жүрөк мэр” катары тарыхта калат

1148

Бишкектин учурдагы мэри Айбек Жунушалиев “Ататүрк” паркын мурунку калыбына келтирүү ишин аягына чыгарса тарыхта эң эр жүрөк шаар башчы болуп калат. Бул туурасында Тимур Саралаев жазды.

Ал парктын жерлерин кимдер ээлеп алгандыгы боюнча тизмени жарыялаган.

“Ататүрк” паркы четинен кесилип жатып, алгач төмөнкү чиновниктердин жана алардын туугандарына катталган (азыркы убакытта башкаларга өтүп кеткени мүмкүн):

ЖК, өкмөт, президент администрациясы
1. Аманбек Карыпкулов
2. Кубул Мамыркулов
3. Бек Топоев
4. Кабылбек Жумалиев
5. Осмонакун Ибраимов
6. Канатбек Жороев
7. Рашид Тагаев
8. Алиярбек Абжалиев
9. Айтибай Тагаев
10. Зиядин Жамалдинов.
11. Сайдулла Нышанов
12. Азизбек Турсунбаев
13. Арзыбек Бурканов
14. Искандер Гаипкулов
15. Сооронбай Жээнбеков
16. Турсунбай Бакир улуу
17. Алтай Борубаев
18. Эркин Байсалов
19. Апас Джумагулов
20. Турсун Турдумамбетов
21. Мустафа Кидибаев
22. Асанбек Стамов
23. Мария Нанаева (Жоомарт Оторбаевдин энеси)
24. Кенешбек Карачалов
25. Александр Костюк
26. Аманбек Жайнаков
27. Канат Керезбеков
28. Валентина Курдюмова
29. Кенеш Кулматов
30.Рысбек Качкеев
31. Раимбек Мамыров
32. Качкын Дыйканбаев
33. Медеткан Шеримкулов
34. Тажымамат Шаболотов
35. Кенеш Карачалов.
Соттор, ИИМ, Прокуратура
36. Омурбек Кутуев
37. Гулумкан Мамакеева (Азимбек Бекназаровдун жубайы)
38. Галина Пугачева
39. Асанбек Шаршеналиев
40. Куванычбек Конгантиев ( Камбаралы Конгантиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы)
41. Кенешбек Душебаев
42. Курманбек Кубатбеков
43. Курманбек Осмонов
44. Джумадил Макешов
45. Сакен Кыдыралиева.
Мамкурулуш жана Бишкекархитектура
46. Тахир Хамданбаев
47. Жумабек Тентиев
48. Анваржан Турсунов
49. Бейшенбек Болотбеков.

Паркты мурунку калыбына келтирүү ишинде ушул ысымдарды же алардын мураскерлерин бульдозер менен мэр аттап өтсө, анда КР тарыхында эң эр жүрөк шаар башчы болот”,-деди Саралаев.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев аянты 107,0 ГА Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек аралары Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 «СССРдин 50 жылдыгы «сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген чек араларды бекитүү токтомуна кол койду.

Жыйынтыгында мурда жеке тараптарга берилип, турак жайлар салынып кеткен 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

 

1149