7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Жунушалиев эки маанилүү объектти текшерди

408

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев объектилерди демонтаждоо иштери кызуу уланып жаткан түндүк айланма жолуна барды.

Борбор калаа башчысы жолду реконструкциялоого тийиш болгон объектилердин бардык документтерин текшерүүнү тапшырды.

Учурда 10 объект демонтаждалып жатат, ээлери аларды өз ыктыяры менен демонтаждоого даяр экендиктерин билдиришти. Бүгүнкү күндө 330 объект түрттүрүлдү.

Андан соң, катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун курулушу жүрүп жаткан «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын аймагында болду.

Кытай компаниясынын өкүлдөрү шаар мэрине заводдун курулушу кайсы этапта жүрүп жатканын айтып беришти.

 

 

409