7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айболот Айдосов: Элдик курултай өз алдынча коомдук институтка айланууда

615

Саясат таануучу Айболот Айдосов: 20-21-декабрда өткөн Үчүнчү элдик курултай жогорку уюштуруу тартипинде уюштурулду десек болот, ал – 3 көз карандысыз бийлик бутагынын ишине кийлигишпей, өз алдынча коомдук институтка айланууда, ага чогулган делегаттар – жалпы коомдун учурдагы мүдөөсүн жогорку бийликке түздөн-түз билдирген эл өкүлдөрү десе да болот. Делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктардын өзгөчөлүгүнө да токтолуп кетти.

Курултай алдында өлкөдө дагы бир орчундуу окуя болду – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда күтүүсүздөн кызматынан чегинди жана өкмөт мүчөлөрү менен президенттик администрациянын кызматкерлери аны урмат-сый менен узатты. Акылбек Үсөнбековичтин учурунда өлкөдөгү көмүскө экономика бир кыйла кыскарып, ички дүң өндүрүм менен мамлекеттик бюджет эбегейсиз өстү, көптөгөн өндүрүш ишканалары ачылды жана жаңы министрлер кабинети ал иштерди улантууга тийиш…

616