7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айчүрөк Иманалиевага, Динара Акуловага жана Расул Маматкуловго «Эл артисти» наамы ыйгарылды

3210

Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы менен 14 маданият кызматкери сыйланды. Бул тууралуу жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Маданиятка үлкөн салым кошкон маданияттын кызматкерлеринин тизмеси төмөндө:

1. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру — Нурлан Абдыкадыров;
2. эстрада ырчысы, “Доор” эстрадалык-фольклордук ансамблинин солисти — Динара Акулова;
3. композитор, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын директору — Исирадин Аманбаев;
4. М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын жетектөөчү сахна чебери — Валентина Анникова;
5. Эстрада ырчысы, “Бек” эстрадалык ансамблинин жетекчиси — Бек Борбиев;
6. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артисти — Валентина Гилка;
7. жыгач ооз комуз чебери — Жоробекова Шакен;
8. Эстрада ырчысы, “Айчурек” эстрада театрынын көркөм жетекчиси — Айчүрөк Иманалиева;
9. Обончу, композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын музыка мугалими — Эсенбек Мааданбеков;
10. Эстрада ырчысы — Расул Маматкулов;
11. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти — Сайрабүбү Мырсалиева;
12. М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын артисти — Омурова Берметке;
13. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти — Турсунбаев Нурканбекке;
14. А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери — Бактыбек Ыбыкеев.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3211