Бир катар медицина кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо тармагындагы жетишкендиктери жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
“Даңк” ордени менен И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын оперативдик хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору — Уметалиев Юсупжан Калжигитович жана Талас облустук согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ооруканасынын башкы врачы — Сарногоев Эсенбай Кондубаевич сыйланышты.
Жарлыкка ылайык сыйлыктар менен сыйланган медицина кызматкерлеринин тизмесин окуу үчүн төмөндөгү «Жарлык (1)» шилтемесин басыңыз