Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы менен 14 маданият кызматкери сыйланды. Бул тууралуу жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Маданиятка үлкөн салым кошкон маданияттын кызматкерлеринин тизмеси төмөндө:
1. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру — Нурлан Абдыкадыров;
2. эстрада ырчысы, “Доор” эстрадалык-фольклордук ансамблинин солисти — Динара Акулова;
3. композитор, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын директору — Исирадин Аманбаев;
4. М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын жетектөөчү сахна чебери — Валентина Анникова;
5. Эстрада ырчысы, “Бек” эстрадалык ансамблинин жетекчиси — Бек Борбиев;
6. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артисти — Валентина Гилка;
7. жыгач ооз комуз чебери — Жоробекова Шакен;
8. Эстрада ырчысы, “Айчурек” эстрада театрынын көркөм жетекчиси — Айчүрөк Иманалиева;
9. Обончу, композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын музыка мугалими — Эсенбек Мааданбеков;
10. Эстрада ырчысы — Расул Маматкулов;
11. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти — Сайрабүбү Мырсалиева;
12. М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын артисти — Омурова Берметке;
13. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти — Турсунбаев Нурканбекке;
14. А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери — Бактыбек Ыбыкеев.