Кыргыздын маданиятына өмүрүн арнап, болгон күч-аракетин чыгармачылыкка жумшаган маданияттын кызматкерлери «Манас» ордени менен сыйланшты. Бул тууралуу президенттин жарлыгында айтылат.
II даражадагы “Манас” ордени менен төкмө-акын Замир Үсөнбаев сыйланды. Ошондой эле, III даражадагы “Манас” ордени менен Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жетектөөчү сахна чебери — Тулкунжан Ахмадалиев, театр жана кино актрисасы, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү — Далбаева Мираида, композитор, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын редактору, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү — Түгөлбай Казаков, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти — Ибраев Анарбек, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти — Каныметова Кулайым жана кино актрисасы — Айтурган Темировалар сыйланышты.