7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочу ооруканага жетпей каза болуп, инспектор камакка алынды

1685

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочуну атып жиберген жол тескөөчү камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, кечээ 27-августта Бишкектин Гоголь -Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги мечиттин жанында ок атуу орун алгандыгы боюнча Свердлор РИИБине маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөөчүлөр окуя болгон жерден  1 даана гильза менен кандын тактарын байкашкан. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 321-беренесинин («Бийликтен аша чабуу» 1) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ок тийген айдоочу ооруканага жетпей каза болуп, окуяга шектелген Милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору Д.Ж. бүгүн, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бишкек ШИИБинин расмий маалыматы боюнча, маркум А.Ч. (1989-жылы төрөлгөн) «RAV-4» үлгүсүндөгү автоунасы менен жол эрежесин бузганы үчүн, инспектор аны токтотуп, протокол тузгөн.  Ошол учурда кетип калган айдоочу кийинчерээк келип, чыр чыгарган.

«Айдоочу инспектордун талабына баш ийбей, табелдик куралын алууга аракет кылган. Ошол учурда капыстан куралдан ок атылып, айдоочуга тийген», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1686