7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Баткен облусу толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болот

487

Президенти Садыр Жапаров кечээ, 27-августта, Баткен облусунун Лейлек районунда башка коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык жактан көз карандысыз болууга мүмкүндүк бере турган «Раззаков» жаңы электр чордонунун ишке киргизди жана ошондой эле «Раззаков-Арка» жаңы электр линияларынын тартылып бүтүшүнө жана «Арка» электр чордонунун оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүнө байланыштуу өткөн иш-чарага катышты.

Эске салсак, «Баткен облусунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө 110 кВ «Раззаков-Арка» жаңы электр линиялары 51 чакырым аралыкта тартылып,   110/35/10 кВ “Раззаков” атындагы жаңы электр чордону курулду жана 110/35/6  кВ “Арка” чордонун реконструкциялоо иши аяктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан үчүн энергетика тармагы абдан маанилүү тармак экенин белгиледи. Ошондуктан, энергетикалык көз карандысыздыкты жана элибизди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо мамлекеттин стратегиялык максаттарынын бири катары каралууда.

«Баткен облусу толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болот. Энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болуу менен Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалы жакшырат, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүлөт», — деп баса белгилеген Садыр Жапаров.

Бүгүнкү күндө көптөгөн ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Кыргызстан энергетика тармагындагы улуттук долбоорлордон тышкары, эл аралык долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында регионалдык деңгээлдеги КАСА-1000 (CASA-1000) долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр кубатын өткөрүүчү мамынын пайдубалына капсула салынды. Бул эл аралык долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн электр энергияны экспорттоо потенциалын, ошондой эле мамлекеттин экономикасын жогорулатууга жана республиканын бюджетин толтурууга мүмкүндүк берет.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488