Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган 36 жаңы үйдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-августта, Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапарынын алкагында аталган окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчадан кабар алып, зарыл тиричилик техникасы жана керектүү коммуникациялары киргизилген бир нече үйдү көрүп чыккан. Ошондой эле, аймактын көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, жарыктандыруу орнотулган. Шаарчанын ичинде бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, парк жана башка керектүү инфраструктураны түзүү пландалууда.
Садыр Жапаров маркумдарды эскерип, туугандары менен бирге куран окуду жана алардын жакындарына дагы бир жолу көңүл айтты.
«Элим менен кошо менин да жүрөгүм канап турат. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында орун алган каргашалуу окуяда алар Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, аны көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти көкүрөгүнөн чыгарбай, эл-жерди коргойм деп жан беришти. Ооба, кандай гана колдоолорду көрсөтпөйлү, орду толгус мындай оор жоготуунун орду толбойт. Эр-азаматтарыбыздын ата-энеси, жакындары, жубайы, балдары эл көзүнө жылмайганга аракет кылганы менен бүгүн да ичтеринен сызып, аттиң деп арман кылып турушат», — деп айтты Садыр Жапаров.
Жапаровдун трагедия курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча демилгесинин алкагында үстүбүздөгү жылдын жазында Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталында жер тилкесин бөлүп, жергиликтүү компаниялар бардык шарттары бар үйлөрдү куруу милдеттемесин өздөрүнө алышкан. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктады.