7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочу жөө адамды сүзүп, өзү Ала-Арча суусуна түшүп кеткен (ВИДЕО)

167

Бишкекте Mitsubishi Chariot үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң көпүрөдөн Ала-Арча дарыясына кулап кеткен. Бул тууралуу ШИИБден кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык 25-мартта саат 17.50дө болгон. 29 жаштагы айдоочу Лев Толстой көчөсү менен батышты көздөй бара жатып рулду башкара албай калгандыктан 21 жаштагы жөө адамды коюп, дарыяга кулап кеткен.

Жаракат алган жаран ооруканага түшкөн. Унаанын 28 жаштагы жүргүнчүсү дагы жабыркап №4 шаардык ооруканага жаткырылган.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

168