7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочулардын жүрөк үшүн алган Кайгуул унаасы мотоциклге алмашты

703

Бишкекте шаарында кайгуул кызматкерлери жарандардын коопсуздугун мотоцикл менен көзөмөлдөөгө өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин жөө кайгуул жана авто кайгуул бөлүнгөн аймактарда коопсуздукка көзөмөл жүргүзүп келген.
Маалыматка ылайык, мото кайгуул автоунаа кирбеген парктарга, шаардыктар эс алуучу жайларга чейин кирип, коопсуздук үчүн болгон чараларды көрүшөт.

«Кылмышка шектүү жарандар көп кабаттуу үйлөрдүн ичине кире качкан учурда аларды артынан кууп, изи сууй электе кармаганга да жардамы тиет. Мото кайгуулда жөө кайгуул жана авто кайгуул сыяктуу эле бардык мүмкүнчүлүктөр болот. Демек, жол эрежесин бузган автоунааны токтотуп, тийиштүү протоколдорду түзө алат. Ошондой эле мото кайгуулда электрондук планшет, рация сыяктуу бардык атайын техникалык каражаттар орнотулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

704