Бишкек шаарында таксистке кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 19-ноябрда түн ичинде болуп, таксисит Тынчтык конушуна кардарларын жеткирип жөнөгөн. Орто жолдон кардарлардын бири айдоочуну коопсуздук куру менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылып, 15 000 сомдук Redmi уюлдук телефонун, 2500 сом акчасын жана «Мазда Демио» үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алышкан.
Бул факт Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, №5 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери көп узабай шектүүлөрдү табышкан.
Ыкчам кызматкерлер тарабынан кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган С.А, 1992-жылы туулган К.У жана 1983-жылы туулган О.Н. аттуу жарандар кармалды. Алардын бири аял болгон.
Шектүүлөр тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Кылмыш кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.