Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында Toyota-Camry үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек каза болуп,(Аты-жөнү такталууда) 2004-жылы туулган С. уулу Б. аттуу бала жабыркаган.
Жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.