7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айгүл Жапарова: Аялзаты күчтүү болсо – үй бүлө бекем – мамлекет күчтүү болот!

383

Биринчи айым Айгүл Жапарова 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

Аялзаты — бул мээримдин түгөнбөс булагы, үй-бүлөнүн куту жана жашоого дем берген улуу күч. Сиздердин назиктигиңиздер, акылмандыгыңыздар жана чыдамкайлыгыңыздар менен дүйнө жарык болуп турат.

Кыргызстандын тарыхында да, бүгүнкү күнүндө да айымдардын орду өзгөчө.
Андыктан ар бириңиздер – Кыргызстаныбыз үчүн зор күчсүздөр.

Аял үй-бүлөнү да, коомду да, мамлекетти да бирдей алып кете алган инсан катары сыпатталып калган. Анткени аялзаты күчтүү болсо – үй бүлө бекем – мамлекет күчтүү болот.

Сиздерге бекем ден соолук, бөксөрбөс энергия, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана чексиз бакыт каалайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жүрөгүңүздөрдө кубаныч, жашооңуздарда ийгилик коштоп жүрсүн!

384