7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аймактык музыкалык мектептерге 2 миллион 407 миң сомдук музыкалык аспаптар тапшырылды

464

27- ноябрда П. Шубин атындагы Борбордук балдардын музыкалык мектебинде өлкөнүн аймактык музыкалык мектептерине музыкалык аспаптарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы маалымдады.


Тапшыруу аземи Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэндин катышуусу менен өттү. Аспаптар акысыз техникалык грант жөнүндө келишимдин негизинде берилип, мектептин жетекчилерине тапшырылды.


Министр Нуржигит Кадырбеков өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана Элчи Ду Дэвэн айымга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы маданий- гуманитардык байланыш эки өлкөнү мындан да жакындатаарын айтып, келечекте кызматташуунун жогорку деңгээлинде иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.


Ал эми, Элчи Ду Дэвэнь айым, өз сөзүндө кытай тарап мындан ары маданий кызматташтык уланаарын айтып, дүйнө жүзүндө пандемия токтогон соң бир катар биргелешкен иш- чараларды өткөрөөрүн билдирди.


Эске салсак, аймактарга бөлүнгөн аспаптардын жалпы суммасы жалпы 2 миллион 407 миң сомду түздү. Алар, пианин, аккардеон, кларнет, флейта, труба, прима кыяк, виолончель, скрипка, саксафон жана гитаралардан турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

465