“Эсиң барда этегиңди жап”, — деген сөз бар кыргызымда!. Бул макалдын төркүнүн ырчы айым Айпери Кубик кызы Instagram баракчасына чечмелеп берди көрүнөт. Ал коомчулукта катуу талкууга алынган Назира Айтбекованын жылаңач сүрөтүнө атайын пост жазып, кыргыз кызынын эркиндигин жазып чыкты.
“Жылаңач сүрөттөрдү киргизип, искусство, чыгармачылыкты даңазалап, өзүн сүйгөн адам болуп, “бул иш уят эмес, өз денем каалаганымды кылам” деп жар салган, башкалары аны колдоп, ага баа берген кандай заман болду?
Эскертүү-мусулманга деп айтылат! Сойку-зынакор болуп, өз денесин акчага сатат. Азыр заман ушундайбы? Сойкудан да төмөн болуп калдыбы бейм, жылаңач денесин БЕКЕР эле жарыялап көрсөтүп…
“Пайдаң тийсин, тийбесе зыяныңды келтирбе!”, — дейт.Тазалыктын белгиси — ыйманда!
Илгертен кыргыздын искусствосу ушундай беле? Курманжан датка өзүн ушинтип сыйлаганбы?
Кыргыз кызы качан жылаңачтанып, ошонусу менен сыймыктанды эле? Ойлон кыргыз! Ойгон кыргыз!
Кийинки муунга кандай үлгү болуп жатасың? Бир да эркек энесинин жылаңач денесин эл алдында көрсөткөнүнө чыдабастыр. Эркек деген кызганчаак болот. Эртеңки күндө аттиң болуп калбасын.
Эскерттим! Эртең КЫЯМАТ күнү мага асылбастыр эч ким. Аллах баарыбызга ынсап берип, туура жолдон адаштырбасын. Шерменде кылбасын. Кечирим сурайм, катуу кетсем. Силерге күйгөнүмдөн пост жазылды! Мага баары бир болсо, жөн гана коёт элем. Бул баарыбызга тиешелүү!”, — дейт ал.