Бүгүн, 9-декабрь эрте мененки саат 8де жөө жүргүнчүнү катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес-Бенс үлгүсүндөгү кичиавтобуспешеходдон сүзүп кетип, жүргүнчү ошол жерден мүрт кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлашты.
Маалыматты Чүй ОИИБинин жол коопсуздугун камсыздоо кызматы тастыктады.
Алдын ала маалыматка ылайык, кырсык Кара-Балта-Бишкек унаа жолунда, Жайыл районунун Новониколаев айылында катталган. Белгилей кетсек жолду коюу туман каптап турат.
Маркум 50 жаштагы эркек киши, анын жансыз денеси жакындарына өткөрүлүп берилген.