7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Мамашева: «Эркектер коргой албаса ИИМди аял киши жетектесин!»

914

«Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук менен аял гана күрөшө алат» — мындай билдирүүнү бүгүн депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Эгерде биздин эркектер аялдарга, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, ала качууга, ушундай шалаакылык менен мамиле кылышса, келгиле анда министрликке аял кишини коёлу. Себеби бул мыйзамсыздыктын жана эркектердин шалаакылыгынын жеткен чеги. Биз бардыгын каада-салт менен актайбыз, биз канкорлорду, зөөкүрлөрдү, жана сотторду актайбыз. Качанкыга чейин биз эркектерди актай беребиз?!» — деди ал ачууланып.

Эл өкүлү парламенттин дубалынын ичинде ала качууну жана аялдарга карата зомбулукту коомдун көйгөйү катары кабыл албаган эркектер бар экендигине өкүнүчүн билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында Ички иштер министрлигин аял киши жетектей элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

915