Айсулуу Тыныбекова атаандашын 10:0 эсебинде жеңип чыкты. Бул тууралуу күрөштүн жүрүшүндө маалым болду.
Беттеш бугүн, 14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталды.
62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова румыниялык балбан кыз Криста Тундени 0:10 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки баскычка өттү. Анын кийинки баскычтагы атаандашы түркиялык Кансу Аксой аттуу балбан кыз болмокчу.