7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова атаандашын 14:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды

390

Айсулуу Тыныбекова атаандашын алтын медаль менен жеңип алды. Бул тууралуу учурда Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунун жүрүшүндө маалым болду.


Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогундагы алгачкы беттешин 14-декабрда баштаган. Ал 62 салмактагы категорияга кирип, анда 13 спортчу беттешкен.


Тыныбекова 1/8-финалда румыниялык спортчуну 10:0 эсеби менен артка калтырып, ушундай эле эсеп менен Түркиянын Жансу Аксой аттуу спортчусун жеңди.


Айсулуу Тыныбекованын финалдагы каршылашы латвиялык Анастасия Григорьева болуп, Тыныбекова алгачкы секунддарда эле балл топтой баштады. Жыйынтыгында, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 14:0 эсеби менен утушка ээ болуп, алтын медаль тагынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

391