7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова IV жолу Азия чемпиону аталды

820

Алматы шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кезектеги алтын медалды алып, IV жолу Азия чемпиону аталды.

62 килограмм салмакта кыз-келиндер эркин күрөшүнөн катышкан Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттеште Индиядан келген Сонам Сонам менен күрөшмөк, бирок индиялык спортчу беттештен баш тартты. Айсулуу андан кийин казакстандык Ирина Кузнецованы 11:1, кореялык Юнг Жин Квонду 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү.

Жарым финалда өзбекстандык Рушана Абдурасулованы 8:2 эсебинде жеңди. Финалда Монголиянын балбан кызы Болортуя Хурелхуну 11:0 эсебинде утуп алып, алтын медаль тагынды.

13-18-апрель аралыгында Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш жана Нураида Анаркулова (59 кг) коло медаль утуп алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

821