7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова күрөш федерациясынын айымдар арасындагы вице-президентине талапкер болду

443

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз күрөш федерациясынын кезексиз шайлоосунда айымдар арасындагы вице-президентин шайлоо жыйыны болду.

Кезексиз шайлоо аталган федерациянын жетекчиси Эркин Тентишевдин төрагалыгы алдында өттү. Кыргыз күрөш федерациясынын айымдар арасындагы мурунку вице-президенти Динара Исаева 10 жыл башкарып, эми бул тармакты өнүктүрүү үчүн жаштарга татыктуу өткөрүп берүүнү көздөгөнүн билдирди.

10 жыл ичинде айымдар арасындагы күрөштө балбандар бир нече ийгиликтерге жетишип, өнүктү.

Исаева кыргыз айымдарынын дүйнөдө күрөш боюнча өз орду бар экенин баса белгилеп, «Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын жетишкендиктери айкын мисал»,- деди.

10 жыл мурун өлкөдө 1 гана медаль болсо, азыр 170 медаль бар. Бул милдетти өткөрүп берип жаткан Динара Исаева Айсулуу Тыныбековадан башка татыктуу талапкер көрбөй турганын билдирди. Тыныбекованын талапкерлиги федерациясынын тандоосуна сунушталып, колдоо тапты.

 

 

 

 

444