7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

863

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

Тыныбекова Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмактык категориясында 1/16 финалдан тарта катышууда. Кыргыз балбаны польшалык жана молдовалык эки атаандашынын тең далысын жерге басып, таза жеңиш менен чейрек финалга өттү.

Ал эми Жуманазарова биринчи атаандашы болгон перулук спортчуга бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп, андан соң украиналык балбан кыз менен кез келди. Кыргыз спортчусу атаандашын 5:2 эсебинде артка калтырып, чейрек финалга чыкты.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

864