Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова «Менин эргүү алуучу булагым силерсиңер» деп мекендештеринин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн менин Азиянын бешинчи жолку чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүм бар эле.
Колумдан келген аракетти жасадым. Эки жолку кармашта утуп, финалга да жеттим. Бирок, тилекке каршы, чечүүчү мүнөттөргө келгенде жаракат алып калдым. Профессионалдуу спортто мындай учурлар болот экен.
Өтө көп жазганга шартым болбой турат. Бирок, ошентсе да колдоолор үчүн чоң рахмат! Колдоолорду мен ар дайым сезип келем жана дал ошол колдоолор мага дем берет.
Менин эң негизги мотивация жана эргүү алуучу булагым — силерсиңер!», — деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль жеңди.