7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айт күндөрү айдоочулар жол кире акыларын көтөрүп алууларына жол берилбейт

256

Айт күндөрү такси кызматынын айдоочулары жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп алууларына жол берилбейт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери автобекеттерден Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Айрым айдоочулар майрам күндөрү шаардан айылдарга каттаган жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн пайдаланып, өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алышы мүмкүн, ошол сепептүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы андай фактыларга жол бербөө үчүн, айдоочуларга азыртан түшүндүрүү жана эскертүү иштерин өткөрүшүүдө»,- деп берилет билдирүүдө.

Эгерде жүргүнчүлөр көп болуп маршруттук унаалар жетишпесе, ЖКККББ тарабынан кошумча маршруттар каттамга киргизилет. Учурда Автобекетте унаалар жетиштүү жана баары көзөмөлдө.

257