7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министрлиги 35 миң еврого малды жасалма уруктандыруучу аппараттарды алды

1238

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунун окуу борбору иштеп баштады.  Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунда мал жандыктарды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча семинар өткөрүлгөн.

Семинарга министрдин орун басары И.Марсбек уулу, министрликтин тиешелүү адистери, KOPIA борборунун өкүлдөрү, жеке фермерлер катышты.

Окуу борборуна KOPIA борборунун жардамы менен 35 миң еврого жасалма жол менен уруктандыруучу заманбап жабдыктар алынды. Бул жабдыктар мал жандыктардын уругунун сапатын жана малдын бооз же бооз эместигин аныктап берет.

Окуу борборду жандандыруунун негизги максаты республиканын бардык аймактарында фермерлерди, ошондой эле Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттерин практика жүзүндө окутуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1239