7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропорту «Алтын балалык» балдар реабилитациясына 2,5 млн которду

715

«Манас» эл аралык аэропорту Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» балдар борборуна 2,5 миллион сом которду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аэропорттун төрагасы Бакыт Шаршеев аталган борборду ишке киргизүү үчүн уюштурулган кайрымдуулук марафонуна катышкан.

«Реабилитациялык борбордо дарылана турган мекендештерге колдоо көрсөтүү жана жардам берүү үчүн ишкананын кызматкерлери жана туунду компаниялар 2,5 миллион сом өлчөмүндөгү бир күндүк эмгек акысын которууну чечишти. Марафонго катышып, кайрымдуулук кылып жаткан кесиптештериме жана мекендештериме ыраазычылык билдирем. Ошондой эле өзүмдүн атымдан жана компаниянын кызматкерлеринин атынан реабилитациялык борборду ишке киргизүү үчүн бардык күчүн жумшап жаткан адистерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Биз ынтымакта жана биримдикте ийгиликке жетебиз деп ишенем«, — деген ал.

Белгилей кетсек, «Алтын балалык» борборунун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок иштер 2005-жылы токтоп калган.

Комплекс 8 бөлүмдөн турат: аллергия, онкология, пульмонология, акушердик жана гинекология бөлүмдөрү, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика, неврология, ошондой эле эс алуу бөлүмү, клиникалык лаборатория, тамактануу жана кир жуучу жайы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716