«Не сахар» долбоору менен таанылган блогер Эрулан Көкүлов 28-ноябрда боло турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Ынтымак» партиясынан аттанды.
Бул жаңылык анын күйөрмандарын 3 топко бөлгөн. Нааразы болуп «сатылдың» дегендер, таарынгандар жана кандай болсо да колдойм дегендер. Бул тууралуу ал видео кайрылуу жасап, «сатылыпсың» деген сөз ага катуу тийип жаткандыгын айтты.
«Сөздөрүңөр аябай катуу тийип жатат. Сатылыпсың -деп айтууга силердин акыңар да жок. Мен «Не сахар» долбоорун баштап жатканда жардам берип, жанымда элдер менен кырылышып, мен көргөн көргүлүктү көрдүңөр беле? Сатылдың дегендей. Кашыктап чогулткан баркыңды чакалап төгүп жатасың дегендерге- ал менин баркым, элиме жардам берем деп жүрүп өзүм чогултуп алгам, өзүм билем эмне кылышты«-дейт.
Эске салсак ал буга чейин, 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо «Реформа» партиясынан талапкер болгон. Алгач саясатка андан соң баардык тармактарга реформа жасайбыз деген реформачылдар башында жакшы эле идея менен бириккен идеялдуу командадай сезилген. Тилекке каршы, жыл айланбай өздөрү ачуу сөздөр менен сындаган партиялардын арасына жашынып алар деле бийликти алсак деген «ачкөздүк» оорусуна чалдыккандай.
Азыр «Реформа» партиясы «Ата-Мекен» партиясына кошулуп 28-ноябрда боло турган шайлоого кызуу даярдыкта баратат. Көкүлов командасын саттыбы же бийликке батыраак жеткиси келдиби айтоор, эл арасында акчасы көп деп айтылган «Ынтымак» партиясына кошулду.
Ал эми, «Не сахар» долбоору боюнча айта турган болсок, программа коомчулуктун купулуна толгон, ар бир чыгарылышы кызуу талкуу жараткан программа экендиги талашсыз. Көрүүчүлөрү да көп. Бирок, автор «акыңар жок, өзүм чогултуп алгамын, өзүм билгендей кылам» -деп айтуудан мурун, авторитет- чогултуп алып басып жата бергидей акча эмес экендигин эске алса болмок.