7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо боюнча Жол картасына кол коюлду

483

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айыл чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча Практикалык чаралар планына («Жол картасына») кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган документке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Жол картасында айыл чарба продукциясын, анын ичинде карттөшкө, үрөн ташуу, эки өлкө аймагында дан жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун тажрыйбалоо, каттоого алуу жана жол берүү, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында студенттерди «мал чарбачылыгы» багыты боюнча окутуу, ошондой эле илимий-иликтөө институттарынын базасында кызматташуу маселеси каралган.

Мындан тышкары, өзбек тарап Кыргыз Республикасына 10 000 мөмө-жемиш көчөтүн, 1000 тонна күздүк буудай жана 500 тонна «Султан» сортундагы пахта үрөнүн берүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле аянты 1000 квадрат метр келген күнөскана куруу, эт жана мал экспорттоо, этти иштетүүчү биргелешкен ишканаларга инвестицияларды тартуу мүмкүндүгүн талкуулады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484