7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Аксы, апрель окуясында курман болгондорду эскерди

554

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
«Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду» -деп жазылат.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына, ошондой эле өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолорго түрткү болгон тарыхый окуя деп бааласак жаңылышпайбыз.
Эркиндик жана акыйкаттык үчүн өлүмдөн да коркпогон карапайым аксылыктар ошол күнү кыргыз элинин эр мүнөзүн көрсөтүп, улуттун намысын коргоп калышкан.
Ушул күнү Аксы окуясында курман болгон жана жарат алган мекендештерибиздин каармандыгын эскеребиз.
Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Эзелтен эркиндикти туу туткан элибиз өлкөбүздө кландык башкарууга жол бербестигин ачык-айкын далилдеди.
Чындык үчүн күрөшүү — чындыгында аябагандай опурталдуу да, оор да иш экенин мен жакшы түшүнөм!
Сиздердин эрдигиңиздер, майтарылбас эркиңер эч качан унутулбайт!
Адилеттик, эркиндик деп, өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүнбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылабыз.
Аксылыктарды колдоп, Бишкектен ачкачылык жарыялап, каза тапкан Шералы Назаркуловду эскеребиз.
Жарат алган, жаныбызда жүргөн Аксы окуясынын каармандарына тереӊ ыраазылык билдиребиз!
Алардын бизге калтырган саясий керээзи жана мурасы мамлекеттеги тынчтыкты, ынтымакты баалай билүүгө, коомдогу туруктуулукту жана биримдикти көздүн карегиндей сактоого үндөп турат.
Аксы сабагы — биздин улуттук бийик баалуулук катары жаңы коомду түзүүгө, адилет жана калыс саясат жүргүзүүгө, элдик таламды көздөгөн, элге кызмат кылган башкаруунун демократиялык багытын бекемдөөгө үндөйт. Ошондой эле коомубузду мындан ары да өркүндөтүүгө дем берет.
Баатырлардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555