7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШ башка өлкөлөрдү Кыргызстандан үлгү алууга чакырды

4307

Америка Кошмо Штаттары кыргыз өкмөтүнүн Ирактан 79 баланы мекенине кайтарып алып келгенин кубаттайт, бул кадам бөбөктөргө өз өлкөсүндө тынчтыкта жашоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Кыргыз өкмөтү кайтып келген балдарга жардам берүү жана аларды тезинен калыбына келтирүү, элине кайра кошуу менен коопсуз жана бейпил жашоого кайтуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча милдетин моюнуна алгандыгы үчүн мактоого татыктуу.

Ошондой эле, биз бул балдарды Кыргыз Республикасына ийгиликтүү кайтарып берүү иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигин жана башка мамлекеттик мекемелердин Ирактагы өнөктөштөрүнүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин колдоосу жана эмгеги менен жүргүзүлүп жаткан олуттуу аракеттерин баалайбыз.

Борбор Азия Сирия жана Ирактан өз жарандарын мекенине дүйнөнүн башка аймактарына караганда көбүрөөк кайтарып алып келди. Биз дүйнө жүзүндөгү башка элдерди өз жарандарын чыр-чатактуу аймактардан алып келүүдө ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасы жана Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен үлгү алууга чакырабыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4308