7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айылдык кеңештин төрагасы 42 гектар жерди басып алууга шектелип кармалды

544

Ысык-Көл облусунун Ананьев айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы, маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

М.С.К. кылмышкерлердин колдоосун пайдаланып, аталган айыл аймактагы 42 гектар айыл чарба жер аянтын, жергиликтүү бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерди албастан мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды.

Мындан улам, ал 28-мартта жер тилкесин мыйзамсыз басып алууну уюштурган жана ага жетекчилик кылган деген шек менен кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен Караколдогу №23 тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.

 

545