УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу Россиянын «Крокус сити холл» концерттик залында болгон теракт боюнча үн катты.
Ташиев каргашалуу окуяга Кыргызстан да кайгырып жатканын айтып, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир улутту күнөөлөө туура эмес экенин белгилеген.
«Террорчулардын улуту жок деп коёт. Россияда мигранттарга каршы иш жүргүзүүгө жана улуттар аралык кастыкты козутууга кызыкдар террорчуларды ээрчип, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир элди күнөөлөгөн туура эмес. Тажикстандын атайын кызматы терроризм менен экстремизге каршы кынтыксыз күрөшүп жатканын белгилеп кетейин. Мындай кылтакка ар бир мамлекеттин жараны илинип калышы ыктымал. Терактыга буйрук бергендер бир улуттун өкүлдөрүн кокусунан тандап алган жок», — деген Ташиев.
Ал бир тууган өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын биргелешкен аракети «жалган исламчылардын» кылмыштуу максаттарын ишке ашырууга жол бербейт деп ишенерин белгилеген.
Эсерте кетсек, 22-март күнү кечинде «Крокус сити холлдун» концерттик залында теракт жасалып, 140тан ашык адам көз жумду. Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 9 киши камакка алынган.