7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айжигитовдун столду сүзгүлөп, маңдайын өзү жарган видеосу жарыяланды

237

«Регион» каналынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун соттогу видеосун жарыялады.

«Султанбай Айжигитовду да, анын жубайын да УКМК кызматкерлери «сабаган» эмес жана алар аны сабашы мүмкүн да эмес болчу. Бул тууралуу Айжигитов өзү да ачык эле интервьюларында айтып жатат. Колундагы көк ала кармоо учурунда ыкчам кызматкерлерге баш ийбей каршылык көрсөтүп, машинага олтурбай жулкулдашып атканда пайда болгонун айтты. Ал эми кашын кантип, кандай ыкма менен жарып, анан сүрөткө тартып чыгарганы бул видеодон көрүнүп турат. Бөгөт чарасы каралганы келген сот залында Айжигитов өзү негедир столду сүзүп көргөн жана андан соң аны ооруканага алып барышкан...»,- деген ал.
Эскерте кетсек, Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталганын УКМК кабарлаган.

238