“Ала-Арча” жаратылыш паркында урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров сунуштап жаткан мамлекеттик саясаттын эки негизги багытын ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Бул — санариптештирүү жана экологияга аяр мамиле. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев фейсбукка билдирди.
“Бүгүн, президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык,бир күн майрамга карата “Ала-Арча” жаратылыш паркына кирүү акысыз болуп уюштурулду.
Биз баарыбыз түшүнөбүз: санариптештирүү — бул келечек. Бул багытта дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер бүгүн мыкты натыйжаларды көрсөтүп жатышат. Алардын ийгилигин карап туруп, өзүбүздөн: эмне үчүн биз андай боло албайбыз? — деп суроо салууга убакыт келди. Биз деле муну жасай алабыз. Бизде да мүмкүнчүлүк бар. Болгону чечкиндүү кадам керек болчу. Мына, ошол кадамды биздин Президент жасап берди.
Эми “Ала-Арчада” кирүү толугу менен QR-код жана банктык карта аркылуу жүргүзүлөт. Накталай акча кабыл алынбайт. Мейманканаларда акылдуу кулпулар коюлган. Кирип-чыккан коноктор автоматтык катталат, канча киши келди-кетти — так эсептелет. Мурдагыдай жетекчилер же кызматкерлер тааныштарын “бекер жаткыруучу” учур артта калды.
“Ала-Арча” — санариптешкен, экологиялык талаптарга жооп берген, эл үчүн ыңгайлуу жаңы коомдук мейкиндикке айланып баратат. Бул — башталышы гана. Биз бул жолду улантабыз.
Быйыл убада кылган асма жол (Канатная дорога) бүткөрүлөт. Учурда 3 кабаттуу экомейманкана бассейни менен салынып жатат. Мындан тышкары, тоонун боорунда 20дан ашык A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулууда. Ал жакка келечекте асма жол менен да барууга мүмкүн болот. Кудай буюрса, бул жай жаратылыш менен айкалышкан, өзгөчө көрк берген уникалдуу аймакка айланат.
Биз мамлекет катары экология менен технологиянын ортосунда тең салмакты табышыбыз керек. Президент баштаган жол — ушул келечекке бет алган туура багыт. Биз аны сөз менен эмес, иш менен колдойбуз”,- деди Туманбаев.