Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев, Курулуш министри Нурдан Орунтаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты.
Министр өз сөзүндө билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, жаңы мектептин курулушу Ак-Бата конушундагы окуучулар үчүн сапаттуу жана ыңгайлуу шарттарды түзөрүн айтты. Ошондой эле ал мектептердин жетишсиздигин жоюу жана окуучуларды заманбап шарттагы билим берүү мекемелери менен камсыз кылуу багытындагы иштер активдүү жүрүп жаткандыгын белгилеп, мындан ары да улантыларын кошумчалады.



