7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Босого конушунда медициналык тез жардам станциясы ачылды

725

Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунда медициналык жардам станциясынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, меджардам станциясынын жер тилкесинин аянты 0,09 га, имараттын аянты 140 чарчы метр, имаратта фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, дары-дармектер үчүн кампа, диспетчердик пункт, процедуралык жана техникалык жайлар жайгашкан.

«Тез жардам станциясы Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорун тейлейт. Станция «Ассанабил» коомдук фонду менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде курулган» — деп айтылат маалыматта.

Курулуштун негизги бөлүгү «Ассанабилл» коомдук фонду тарабынан каржыланды, ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, ички жана тышкы инженердик тармактарды орнотуу иштери жүргүзүлдү.

726