7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ак кеменин» негизинде тартылган Шамбала тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү

908

Кыргызстандын «Оскар» комитети Америкалык кинематография искусствосу жана илим академиясынын «Оскар» сыйлыгына өлкөбүздүн атынан «Шамбала» тасмасын көрсөттү.

Аталган тасма «Оскар» сыйлыгына «Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма» (International Feature Film) номинациясы боюнча көрсөтүлөт. Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Ал бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир нече сыйлык уткан. Алардын ичинде: Калькуттадагы кинофестивалда Артыкпай Сүйүндүковго «Мыкты режиссёр» сыйлыгы берилген, Орусияда «Ника» сыйлыгын «КМШ, Грузия жана Балтика мамлекеттеринин мыкты тасмасы» номинациясында жеңип алган.

Белгилей кетсек, «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2022-жылдын 27-мартында Лос-Анжелестеги «Долби» театрында өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

909