7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордо-3төгү окуя: Сот шектүүнү 2 айга камакка алды

433

Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ак-Ордо-3” конушундагы кош киши өлтүрүүгө шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарды. Сот имаратында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлдү.

Сот тергөөчүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Чечимге ылайык, оор кылмышка айыпталган Сапармурат Ильязов тергөө мөөнөтүнө (эки ай) камакка алынды.

Эскерте кетсек, 3-октябрга караган түнү «Ак-Ордо-3» конушунун Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 1991-жылы туулган адамдын жана анын 1987-жылы туулган эжесинин жансыз денелери табылган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, эркек кишиге 18 жолу, ал эми аялга 11 жолу бычак сайылган.

Маркумдун артында үч баласы жана кош бойлуу жубайы калды. Ал шектүүнүн ким экенин аныктады.

Сапармурат Ильязов «Коопсуз өлкө» адамдын жүзүн таануу системасынын аркасы менен кармалкылмышын мойнуна алды.

 

434