7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордодо мончодо элди тапанча менен коркуткан жаран кармалды

873

Ак-Ордодо мончодо элди тапанча менен коркуткан 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-ноябрда саат 21:10дөр чамасында Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан мончолордун биринде белгисиз жаран тапанча менен жарандарды коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

25 жаштагы И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, болжол менен жашы 25-30 жаштагы белгисиз адам арыз ээсин «Тапанча менен атып салам»,- деп коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.

Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде, шектүү катары 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармаган. Ал Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факт Сокулук райондук Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-берененин (“Ээнбаштык”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

874