7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордодогу үй түрттүрүлгөн окуя боюнча президент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди

581

Бүгүн, 5-мартта президент Садыр Жапаров «Ак-Ордо» конушуна пландан тышкары барды, жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Ал маалымдагандай, бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчысы маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

«Садыр Жапаров окуянын чоо-жайын сураштырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан.

Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан.

Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда», — дейт президенттин маалымат катчысы.

Эрбол Султанбаев президент териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын бергендигин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582