7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ак шумкарлар» Өзбекстандын футболчуларына 2:3 эсебинде жеңилип калды

447

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстандын футболчуларына 2:3 эсебинде утулуп калды.

Беттештин биринчи таймы жеңиш менен башталган. Кыргызстандан Жоэль Кожо атаандаштын дарбазасына топ киргизип эсепти 1:0 кылган. Көп өтпөй Өзбекстан эсепти 1:1 кылып теңеген. Биринчи таймдын аягына чейин командалар дагы бирден топ киргизип эсеп 2:2 болгон.

Экинчи таймда Өзбекстан дагы бир гол киргизип, жеңишти камсыз кылды.

Бул 2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпиондугуна тандоонун үчүнчү раундундагы оюн.

Буга чейин 5-сентябрда 1-турдагы оюнда Кыргызстандын футболчулары Иранга барып, улуттук курамасы менен беттешкен. Анда ирандыктар жеңишке жеткен.

Эми октябрда кыргызстандыктар дагы эки оюн өткөрөт. Алгач Катар менен, андан соң Бишкекте Түндүк Кореянын курамасы менен ойнойт.

 

 

448