7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ак-Тилекке» 410 жүк ташуучу унаа топтолгон

471

УКМКнын Чек ара кызматы “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынан жеңил автоунаалардан жана Кант цемент заводунун жүгүн ташыган жук ташуучу автоунаалардан тышкары Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 жүк ташуучу транспорт каражаты өткөндүгүн маалымдайт.

«Анткен менен, өткөрүү жайларында өткөрүү жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча чаралар “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда көрүлгөнүнө карабастан жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу байкалууда. Алсак, бүгүн саат 12:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖнын алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу каражаты кезекте турат. УКМК Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргызстандан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин баса белгилейт»,- деп берилет маалыматта.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлардын бардыгы штаттык режимде иштеп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

472