7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акча үчүн аялын ур-токмокко алган жаран кармалды

669

Системалуу түрдө аялын уруп-токмоктоп жүргөн жаран кармалганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылган жаран кайрылган. Ал учурда Бишкектеги медициналык мекемелердин биринде дарыланууда жана үй-бүлөлүк психологдун кеп-кеңешин алып жаткандыгын айтылган.

Тергөөдө Р.У.Н. үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден соолугуна ар дайым залал келтирип, физикалык зыян келтирүү менен коркутуп, аялына моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ошондой эле анын туугандарынын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 30 миң АКШ долларын алып, көпкө чейин кайтарып бербей келгени аныкталды.

Ошол эле учурда аялы алган акчаны кайтарып берүүнү суранганда аталган жаран системалуу түрдө ур-токмокко алып, денесине залал келтирип турган.

«Ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, системалуу түрдө ур-токмокко алуу фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлөт»,- деп берилет билдирүүдө.

670