7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акча талап кылган «Унаа» мамлекеттик мекемесинин оператору жана ортомчу кармалды

1123

ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин алкагында пара алып жаткан жеринен ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды.

ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. ортомчу Б.Ш.Ж. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. жана ортомчусу Б.Ш.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Аталган жарандар Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1124