7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү пансионаттарды саркынды суу тазалоочу жайларды салууга чакырды

885

Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ысык-Көлдөгү пансионаттарды саркынды суу тазалоочу жайларды салууга чакырып, пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынаарын билдирди.

«Кечээ дагы бир жарлыкка кол койдум. Алдын ала эскертип коёюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение) жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла! Бир топ пансионаттардын ээлери уюшуп, бир эле саркынды суу тазалоочу жай салып, анан туташтырып кошуп алсаңар туура болот деп ойлойм. Бул боюнча Мамкурулушка тапшырма бердим, уюштуруп берет»,- дейт өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886