7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акматбек Келдибеков видеотасма боюнча УКМКга суракка чакырылды

1365

Акматбек Келдибеков видео баяндамалар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин УКМК Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүп жаткандыгы маалымдалган. Ошол эле учурда, буга чейин БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган  механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.

Бирок, 2021-жылдын 1-декабрында социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган.

Буга байланыштуу А.Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн КР УКМК суракка чакырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1366