7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШ Кыргыз-тажик чек аралары боюнча келишимди колдойт

196

АКШ Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо жана демаркациялоо боюнча тарыхый келишимди кабыл алуусу менен куттуктайт. Бул туурасында АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги маалымдайт.

“Бул жетишкендик эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн дипломатияга жана аймактык стабилдүүлүккө берилгендигин чагылдырат.

Чек ара чыр-чатактарын жөнгө салуу – өкмөттүн эң татаал дипломатиялык милдеттеринин бири жана биз эки өлкө башчыларынын көрөгөчтүгүн жана тоскоолдуктарды жеңүүдөгү чечкиндүүлүгүн баалайбыз. Америка Кошмо Штаттары бул айрыкча маанилүү келишим бекем соода жана элдердин ортосундагы байланыштарды ачууга, ошондой эле, эки өлкөнүн, жалпы аймактын мындан ары өнүгүүсүнө жана тынчтыкты бекемдөөгө жол ачат деп үмүттөнөт”,-деп айтылат билдирүүдө.

197